Акыйкатчы Москвада мигранттардын укугу бузулуп жатканын айтты

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Москвада өткөн КМШ өлкөлөрүнүн адам укуктары боюнча комиссиясынын жыйынында Армения, Тажикстан жана Өзбекстандын миграциялык мыйзамдарынын аналитикалык баяндамалары менен тааныштырды.

Жаманбаева аталган өлкөлөрдүн Акыйкатчы институттарынын сунуштарын комиссиянын кароосуна киргизди. Анда сунушталган материалдарда аталган мамлекеттердин Акыйкатчы институттары ар бири өз өлкөсүнүн миграциялык мыйзамдарынын анализин көрсөтүштү. Жаңы кырдаалдарды эске алуу менен мигранттардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу максатында, КМШ өлкөлөрүнүн өз ара аракеттенүүсү боюнча бир катар сунуштар комиссиянын кароосуна киргизилди.
Жаманбаева буга чейин, 24-июнда Санкт-Петербургда мигранттардын укуктарын коргоо жаатындагы ченемдик укуктук актылардын аналитикалык жыйнагын сунуштаган. Жыйындын жүрүшүндө, буга чейинки жана азыркы эки аналитикалык документти айкалыштыруу чечими кабыл алынды. “Бүгүнкү күндө, мигранттардын укуктары жана эркиндиктери жаатындагы көйгөйлөр абдан курч бойдон турат. Ошондуктан КМШ өлкөлөрүнүн Акыйкатчы институттары биргелешкен күч-аракеттерди жумшашыбыз керек. Өзгөчө эмгек мигранттарынын укуктары бузулган учурлар көп кездешет. Мына ушундан улам, КМШ өлкөлөрүнүн мигранттарынын укуктары жаатындагы ченемдик укуктук актыларын изилдөөнү сунуштоого түрткү болду”, — деди Жамиля Жаманбаева.

Орусиянын Акыйкатчысы Татьяна Москалькова КМШ өлкөлөрүнөн келген мигранттардын укуктарынын сакталышы жаатында бириктирилген эки аналитикалык документтерди андан ары чечим кабыл алуу үчүн мамлекет башчыга жөнөтүлөрүн белгиледи. Жамиля Жаманбаева менен Орусиянын Акыйкатчысы Татьяна Москалькова Кыргызстандын жарандарынын Орусиядагы жана Орусия жарандарынын Кыргызстандагы укуктарынын сакталышын камсыздоо боюнча кызматташууну күчөтүү боюнча макулдашышты.