Акыйкатчы Атыр Абдрахматова саясат таануучу Марат Казакпаевдин өлүмүн иликтөө боюнча ведомстволор аралык комиссия түздү. Бул тууралуу Акыйкатчы аппаратынан билдиришти.
Комиссия соңку бир жылдан ашык УКМКнын тергөө абагында кармалып жатып, 10-июнда каза болгон Марат Казакпаевдин камакта кармоо шарттары, камакта кармоонун негиздери жана медициналык жардам алуу мүмкүнчүлүгүн жеткиликтүүлүгү жана башка жагдайларын иликтейт.
«Аталган комиссиянын курамына Акыйкатчы аппараттын, Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Жазаларды аткаруу кызматынын жана Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунун кызматкерлери ошондой эле Кыргызстандагы “Кыйноолорго каршы коалиция” координациялык кеңешинин, “Кылым шамы” коомдук фондунун, “Жарандык союз” коомдук бирикмесинин өкүлдөрү кирди. Ал эми Башкы прокуратура байкоочу катары катышат», — деп айтылат маалыматта.