Акыйкатчы Токон Мамытов №47 түзөтүү колониясына барып, Атамбаев менен да жолукту

Кечээ, 12-августта Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Токон Мамытов Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 47 түзөтүү колониясында болду.

Иш сапардын жүрүшүндө ал жашы жете элек кызды зордуктоого аракет кылгандыгы үчүн Свердлов райондук соту тарабынан 9 жыл 4 айга эркинен ажыратылган жаран менен сүйлөштү. Ага карата Бишкек шаардык соту өкүмдү күчүндө калтырды. Белгилей кетүүчү жагдай, жабырлануучу жана анын апасы тергөө учурунда жана соттордо зордуктоо аракети болбогонун баарын ишендиришкен. Бирок алардын көрсөтмөлөрүн тергөөчүлөр жана соттор эске алышкан эмес.  Соттолгон жаран зордуктоо аракети болбогондуктан өкүмгө таптакыр макул эместигин айтты. Ал ошол учурда аялы жана кызы менен “Карагачевая рощада” болгон. Ал зордуктоо аракети эмес, бейбаштык аракеттер болгонун мойнуна алат. Ал Акыйкатчыдан кылмыш ишин Жогорку Сотто адилеттүү кароого көмөктөшүүнү суранды.

№47 түзөтүү колониясында болгон иш сапарында Токон Мамытов соттолгон дагы бир жаран менен да жолукту, ал Акыйкатчы институтунун кызматкерлерине кайрылуусун тез арада чечкендиги үчүн ыраазычылык билдирди. А.А. мурда ал №47де кармалышына жардам сураган, анткени ал башка соттолгондор менен көйгөйлөрү бар болгондуктан, мурда жаза өтөгөн №8 түзөтүү колониясында болуу кооптуу болуп,  өзүнүн жашоосу үчүн тынчсызданган. Ал ошондой эле туугандары Бишкек шаарында жашаарын, бул алардын №8 мекемеге баруусун кыйындатып жатканын түшүндүргөн. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына  Акыйкатчысынын тиешелүү кайрылуусунан кийин мурда жаза өтөгөн Петровка айылында жайгашкан №8 түзөтүү мекемесине  которулбай,  №47де калтырылганын Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын Башкы ыкчам режим башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу, полковник Сарчаев берген жообунда билдирген.

Акыйкатчы Токон Мамытов ошондой эле Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев менен жолугушкан. Жолугушуу учурунда Алмазбек Атамбаев ден соолугунун абалына байланыштуу айрым маселелерди белгилеген.