Акыйкатчынын орун басары болуп Жаныбек Жоробаев шайланды

Бүгүн, 18-январда Жогорку Кеңеш Жоробаев Жаныбек Сүйүнбаевичти акыйкатчынын орун басарлыгына шайлады. Анын талапкерлигин акыйкатчы Жамиля Жаманбаева сунуштады.

Ал кыскача анын өмүр баянына токтолду. Ал улуттук коопсуздук органдарында, Салык кызматында жооптуу кызматтарда иштеген, парламент депутаты болгон. Катталган 85 депутаттын 77си анын талапкерлиги үчүн добуш берди. Ал добуш берүүдөн кийин ант берди.

Жогорку Кеңеш Шухрат Айтиевди каза болгонуна байланыштуу акыйкатчынын орун басарлыгынан бошотту.  31-декабрда Айтиев ооруканада каза болгону белгилүү болгон. Ал 39 жашта болчу.