Акыйкатчынын орун басары Ирактан алынып келген балдардан кабар алды

Бүгүн, 2-апрелде Кыргызстандын акыйкатчынын орун басары Гүлнара Жамгырчиева жана акыйкатчы  аппаратынын профилдик бөлүмүнүн кызматкерлери Ирактан алынып келинген жашы жете элек балдардын жана өспүрүмдөрдүн жашоосу жана жашоо-шарттары менен таанышышты. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, акыйкатчынын орун басары жетектеген мониторинг тобу белгилегендей, учурда балдарды коопсуз жана толук кандуу тынчтык жашоого кайтаруу үчүн психологдор жана башка медицина кызматкерлери иштеп жатышат. Мындан тышкары, алар үчүн эс алуу, туура тамактануу, таза абада сейилдөө үчүн зарыл шарттар түзүлүп, ар кандай көңүл ачуучу программалар да каралган.

Мекеме бардык тиешелүү санитардык-гигиеналык стандарттарга жооп берет жана алардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн видео байкоочу камералар орнотулган.

Мындан тышкары, ЮНИСЕФ жана Кыргызстандын Кызыл жарым ай коому сыяктуу ар кандай эл аралык жана гуманитардык уюмдар, ошондой эле өкмөттүк эмес уюмдар кайтып келген (мекенине кайтарылган) кыргыз балдардын жашоо-шарттарын жакшыртууга көмөктөшөт. Учурда Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги компетенттүү органдар менен биргеликте бул балдарды туугандарына өткөрүп берүү боюнча ар тараптуу иштерди жүргүзүп жатат.