Акыйкатчынын Оштогу ыйгарым укуктуу өкүлү ардактуу эс алууга чыкты

Акыйкатчынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Шанбетали Касымов ардактуу эс алууга чыкты. Бул тууралуу аталган институттан билдиришти.

Шанбетали Касымов Акыйкатчы институтунда 2014-жылдан 2024-жылга чейин, 10 жыл Акыйкатчынын ыйгарым укуктуу өкүлү болуп эмгектенген. Мындан тышкары, ал ички иштер органдарында 33 жыл ар кандай кызматтарда иштеп келген. Институттун борбордук аппаратында Шанбетали Касымовду салтанаттуу азем менен ардактуу эс алууга узатышты.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева адам укуктары менен эркиндиктерине кошкон салымы үчүн чын дилден ыраазычылык билдирди. “Биз сиздин кесипкөйлүгүңүз менен кайратмандыгыңызды жогору баалайбыз жана жаш муундарга ар дайым үлгү катары көрсөтөбүз. Жамааттын атынан мыкты ишиңиз үчүн ыраазычылык билдирем жана чың ден соолук, жакшылыктарды каалайм”, — деп айтты Акыйкатчы.