Акыйкаттык издеген ага: «Зордукталган карындашым терезеден боюн таштап, көз жумду»

Болот Жаныбек уулу көп кабаттуу үйдүн терезесинен жалгыз карындашы анын көз алдында боюн таштаганын айтат. Окуя 3 жыл мурда болгон. Ал бул окуя тууралуу айтып берүүгө жакында эле Сокулукта зордукталган 13 жашар кыздын окуясы түрткү болду дейт.

«Окуя 2021-жылы болгон. Үй-бүлөдө 3 эркекпиз, анан 13 жаштагы карындашым бар эле. Ата-энем каза болуп, карындашым апамдын бир тууган сиңдисинин колунда калган. Алар Сокулукта жашашчу. Мен иштечүмүн. Каникул болгон сайын келип турчу. Таежем «эртең сабак башталат, бүгүн салып жибер» деген. Үйдөн саат 11лерде чыккан. Үйгө барбаптыр. Таежем «салып жибердиң беле?» деп чалды. Кеткенин айттым. Жаман оюм жок. «Эрте жетип, курбуларына же мектепке кирген окшойт» дедим. Кошумча сабактарга барчу. Балким, ошол жакка кетти деп ойлодум. Карындашым жубайымдын телефону менен аккаунтуна кирип, бир бала менен жазышыптыр. Көрсө, алар ошол күнү жолукмак экен. Жигит паркка алып барып, кечинде кечки Бишкекти көрсөтөм дептир. Карындашым кеч кирип кеткенин айтса, өзү жеткирип коерун айтыптыр. «Ош базар» жакка алып барып, ошол жакта батирде турарын айтыптыр. Карындашым кичинекей да ал жердин мейманкана экенин билбептир. «Үйдөн акча алып алайын. Ошону жеткирип бермекмин» деп унаадан түшүп кетиптир. Кайра келип, «акчаны жарым саатта жеткирип беребиз дешти, күтө туралы» деп алдаптыр. Ошол жактан карындашымды зордуктаптыр. Кыз ыйлаптыр. Ошондо «Мен сени алам» деп, Жалал-Абадга алып жөнөптүр. Карындашым кийин жолду карай зордуктап барганын айтты. Үйүнө барса, кичинекей кыз. Коркуп эч кимдин номурун бербептир. Анан кайра салып жөнөтүшүптүр. Ортодо 3 күн өтүп кетти. Мен бир күн издеген бойдон таппай, милицияга арыз жаздым. Сокулуктан келе жатып, карындашымды жолдон таап алдым. Мен урушкан жокмун. Өөп эле «кайда жүрдүң?» десем, колундагы бир нерсени ыргытып жиберди. Барып карасам 5 миң сом экен. Унаага отургузуп, «экөөбүз урушпай эле, баарын айтып бер» десем, айтып берди. Өзүмдү араң кармап жаттым. Жуунтпай, кийимин алмаштырбай милицияга бардык», — деди агасы.

«Милиция шектүүнү кармады. Иш жүрө баштады. Тергөөчүлөр жашы жете элек карындашымды жалгыз сурай башташты. «Мейли, мен чыгайын, жеңеси калсын» дедим. Менин артыман эле жеңесин чыгарышты. Андан кийин эле «соттотпоңуз, ачыкка чыкса, өлөм» деди. Андай буга чейин такыр болгон эмес. Мен эмне кыларымды билбей калдым. Тосмо арыз жазган эмесмин, ал жазылып калыптыр. Акыркы учурда уктабай калды. Ою такыр башка жакта болуп калды. Мурдагы позитивдүү карындашым жок болуп кетти. Кайгырып, эч нерсеге кызыгы жок болуп калды. «Ушул менен жашоо бүтүп калбайт, келечек алдыда» дедим. Артыман кирип эле, «ооба, байке. Мен жакшы кыз болом» деди. Бөлмөдө терезе бар болчу. Секирип кетерин билген эмесмин. «Болду эми, уктайлы» дедим. Шкаф жакка басып эле, терезеден секирип кетти. Мен эмне кыларымды билбей, отурган бойдон отура бериптирмин. Бир маалда эсиме келип, түшүп барып, кучактап отура бериптирмин. Жандандыруу бөлүмүндө жатты. Мен абалы оор экенин көрүп турдум. Ошол жерде каза болгонун айтышты», — деди ал.

Прокуратурадан милицияга арыз жазганын тастыкташып, бирок иш токтотулганын билдиришти. Башкы прокуратурадан ал чечим жокко  чыгарылып, тергөө жүргүзүлүп, кайра сотко жиберилгенин билдиришти. Ошондой эле тергөөчүгө айып салынганын билдиришти.