Акыл Кемеловго Жогорку Кеңештин депутатынын мандаты тапшырылды

БШКнын токтомуна ылайык, Кемелов Акыл Канатбековичге Жогорку Кеңештин депутатынын мандаты тапшырылды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ага күбөлүк жана төш белги тапшырылды.

Кемелов «Республика-Ата Журт» партиясынын тизмеси боюнча депутат болду. Себеби буга чейин «Республика-Ата Журт» фракциясынын депутаты Максат Сабиров мандатынан баш тарткан эле.