Акылбек Жапаров: «Ар бир мугалим өзү берген сабактан экзамен берсин»

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ар бир мугалим өзү берген сабактан экзамен бериши керектигин айтты.

«Мен талап кылам. Комиссияга өзгөчө ата-энелер кошулсун. Мугалим 6-класска физика сабагын берип жатабы, ошол физикадан экзамен берсин. Жылдын аягында окуучулар экзамен берип жатабы, ошондой эказамен берсин. Биз акыркы 30 жылда баарын мугалим кылып алдык. ЖРТда упайы 110го жетпей калгандын баары эптеп окууга өтүп, мугалим болуп жүрөт. Текшерип чыккыла»,- деди ал.