Акылбек Жапаров: «Бала бакчадагы балдарга тамак бергиле деп кыйнабагыла»

Жогорку Кеңештин комитет жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Бала бакчадагы балдарга тамак бергиле деп кыйнабагыла» деди.

«Бала бакчалар боюнча биздин позиция мындай: биз бала бакча салууга, курам дегендерге, ачууга жардам берүүгө, китеп менен камсыз кылууга даярбыз. Бирок биз бала бакчада балдарды багыш керек деген — «түштө тамак беребиз, түштөн кийин уктатабыз, кечинде атасы алып кетет» деген философиядан баш тартабыз. Түшкө чейин бир балдар окуп, мектепке даярданып, түштөн кийин экинчи нөөмөттө окугандар даярдана тургандай болуш керек. Ошондой бала бакчаларга биз колубуздан келген жардамды беребиз. Жергиликтүү бийлик, ата-энелер да буга кошулушу керек. Биз республикалык бюджеттен электр энергия, суу, күзөт, имараты боюнча жардам бергенге даярбыз. Бирок тамагын бергиле деп кыйнабагыла. Бала бакчага 24 пайыз балдар барат экен. Биз аны келерки жылы 30-50 пайызга жеткирели. Биз министр менен жаңы концепцияны даярдап жатабыз», — деди ал.