Балыкчы-Каракол жолунун курулушунун 90 пайызы бүттү

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусуна жумушчу сапарынын алкагында Балыкчы-Каракол жолунун курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Маалыматка караганда, ал узундугу 141 чакырым саналган Балыкчы-Барскоон унаа жолунун тилкесин барып көрдү. Бүгүнкү күндө мында 0-25 чакырымга чейин курулуш иштери жүрүүдө. Жер үстүндөгү иштер 90 пайызга бүткөрүлүп, жасалма курулуштарды (көпүрө, түтүктөр) куруу иштери жүрүп жатат. Иш аяктагандан кийин жолдун бул бөлүгү 4 тилкелүү эл аралык маанидеги жолго айланат.