Акылбек Жапаров: «Майлуу-Суудагыдай абал кайталанса, кабинетке жете электе кызматтан кетесиңер»

2023-2024-жылдардын күз-кыш мезгилинин аткарылышы боюнча Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин мүчөлөрү менен кеңешме өткөрдү.

Жыйынды ачып жатып, Министрлер кабинетинин башчысы экономика тармактарын жылытуу мезгилине даярдоо мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.

Күчүнө кирген сууктан быйыл 12-январда Майлуу-Суу шаарынын калкын таза суу менен камсыз кылуу үзгүлтүккө учураган. Тактап айтканда, таза суу сактагычында түтүктөр тоңуп, суунун басымы кескин төмөндөгөн. Шаардыктарга берилүүчү суунун көлөмү азайып, №1, 3, 4 отканаларда жылуулук берүү системасына суу толук келбей үзгүлтүккө учураган.