Акылбек Жапаров Чүйдөгү 18 гектар айдоо жерди курулушка берди

Чүй облусунун Сокулук районундагы Новопавловка айыл аймагында жайгашкан жерлер «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которулду. Тийиштүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Аталган чечим Чүй облусунун Сокулук районундагы Новопавловка айыл аймагында социалдык объектилерди куруу максатында кабыл алынган.

Мындан улам жана «Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө» мыйзамынын 13, 17-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине жана «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2021-жылдын 24-ноябрындагы № НА-05-1115 корутундусун көңүлгө алып, Министрлер кабинети токтом кылат:

Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районундагы Новопавловка айыл аймагында № 484 контурда жайгашкан Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун 18 гектар айдоо жери социалдык мекемелерди куруу үчүн «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которулсун (трансформациялансын).