Акылбек Жапаров депутаттарга берген сый тамагы ырчылардын чакан концерти менен коштолду (сүрөт, видео)

Кечээ, 30-июнда Министрлер кабинети Жогорку Кеңештин депутаттарын Бишкектеги «Дасмия» ресторанына чакырып, сый тамак беришти.

Министрлер кабинетинин төрагасыны орун басары Эдил Байсалов соцтармактагы баракчасына бир күндө жылдызы жанган Бегимай Турусбекованын «Дасмияда» ырдап жаткан видеосун жарыялады.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине өздүк булактар Кыргызбай Осмонов алып баруучу болгонун, Омар, Аскат Мусабеков жана анын жубайы Миргүл Асаналиева, комузчу Эламан Каныбеков, Аксай Муканбет уулу, Азамат Жоробаев, Түмөнбай Колдошев, Каныкей Раймалиева, Кундуз Таштаналиева, Элзар Өскөнбаеванын барганын маалымдашты.