Акылбек Жапаров добуш берүүгө небересин ээрчите келди

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депуттарын шайлоого добуш берүүгө катышты.

Анда Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы № 71 жалпы билим берүүчү мектепте жайгашкан № 1142 шайлоо участкасына барып өзүнүн добушун берди.

Бишкек жана Ош шаарларынын, ошондой эле Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо жүрүүдө, республика боюнча 2443 шайлоо участогу уюштурулган.