Акылбек Жапаров ишкерлерге болгон мамилени байбичеге болгон мамилеге теңеди

«Байбиче, токол деп айтып калдыңар. Менин бир эле байбичем бар» деди чогулгандардын алдына чыккан Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров. 

«Бирөөнү жакшы көрүп, бирөөнү жаман көрбөйсүңөр да. Баарыбыз бийлик болгондой кийин, бийликтин булагы эл болгондон кийин баарыңарды тең эле карайлы деп жатабыз. Азыр патент төлөйбүз деп жатасыңар. Араңардан комитет түзгүлө. 10 күн мени менен иштесин»,- деди ал

Ошондой эле Акылбек Жапаров патент менен иштегенге шарт түзгөндү ойлонуп, караштырууну убада кылды.