Акылбек Жапаров Жалал-Абад шаарындагы көчөлөрдүн абалын көрдү (сүрөт)

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Жалал-Абад шаарынын бир катар көчөлөрүнүн абалы менен таанышты.

Узундугу 3,5 чакырымды түзгөн Түмөнбай Байзаков атындагы проспектисин оңдоо иштери август айында аяктаган. Жолду реконструкциялоого 146 миллион сомдон ашуун каражат каралган. Ал эми Осмонов атындагы көчөсүндөгү курулуш иштери сентябрь айында башталган. Бул үчүн 139 миллион сомдон ашуун каражат бөлүнгөн. Мындан тышкары Мурзакул Болуш атындагы көчөнү оңдоо иштерине 35 миллион сомдон ашуун каражат жумшалган.

Мындан тышкары, Акылбек Жапаров “Жалал-Абад” санаторийинин абалы менен таанышты.