Акылбек Жапаров Жер-Үй кенине барды

Кечээ, 22-январда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Талас облусуна жумушчу сапарынын алкагында Жер-Үй кенине барды.

Анда Министрлер кабинетинин башчысы алтын чыгаруучу фабриканын иши, кургак калдык сактоочу жайдын абалы менен таанышып, ошондой эле алтын кен комбинатынын эмгек жамааты менен жолугушту.

Ишканада 1367 жумушчу орун түзүлгөн, мында кызматкерлердин 97 пайызы Кыргыз жарандары болуп саналат (алардын 70 пайызы – Талас облусунун тургундары).