Акылбек Жапаров: «Журналисттер менен сылык-сыпаа мамиле курганды үйрөнүшүбүз керек»

«Журналисттерди күч менен кармоого болбойт». Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров иликтөөчү журналист Болот Темировдун иши боюнча комментарий берип жатып билдирди.

Анын айтымында, ал окуя тууралуу Таласта иш сапарда жүргөндө билген. «Абдан капа болдум. Баңгизаттан алыс бололу. Тажик болобу, Израиль болобу, Кытай болобу ок атышуу болуп жатканда окуяга этият мамиле кылалы. Силерге эч ким тийишпейт. Журналисттердин иши боюнча тергөө иштери уланууда. Мен УКМКнын жетекчиси менен да, ИИМ жетекчиси менен да сүйлөштүм. Биз журналисттер менен сылык-сыпаа мамиле курганды үйрөнүшүбүз керек», — деди ал.