Акылбек Жапаров жыл башынан бери ооруканалардын бири 7 миңге жакын шыпыргы сатып алганын айтты

Мамлекеттик сатып алуулар порталынын анализи көрсөткөндөй, ооруканалардын бири 2021-жылдын башынан бери 6800 шыпыргы сатып алган. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мамлекеттик сатып алуулар боюнча жаңы мыйзам долбоорун талкуулаган тегерек столдо билдирди.

Мындан тышкары ушул эле медициналык мекеме 3800 чака сатып алган. Эми аткаминерлер бул оорукананын ишин кылдат изилдеп чыгууну көздөп жатышат. «Оорукана дары-дармектерди жана башка медициналык буюмдарды сатып алышы керек болчу. Бирок алар шыпыргыларды сатып алып жатышат. Балким, бул керектир, бирок биз азыр текшерип, бул продукцияны ким жеткирип жатканын билишибиз керек», — деди Акылбек Жапаров.