Акылбек Жапаров Кара-Кечеге барып, күз-кышка даярдыкты текшерди

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл жана Нарын облустарына болгон жумуш сапарынын алкагында бир катар отун-энергетикалык объектилер менен таанышты. Ал Балыкчы шаарындагы “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын көмүрдү жүктөө жана түшүрүү пунктунун даярдыгын текшерди.

Акылбек Жапаровго көмүр түшүрүү пункту алдыдагы күз-кыш жылытуу мезгилине 100 пайыз даяр экендиги маалымдалды. Андан ары Министрлер кабинетинин төрагасы Энергетика министрлигине караштуу “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы тарабынан иштетилип жаткан Нарын облусунун Жумгал районундагы Кара-Кече кенинин “Борбордук” участогуна барды.

Соңунда Акылбек Жапаров көмүр тармагынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жумушчу кеңешме уюштурууну тапшырды, анда кендин ишмердүүлүгү менен таанышуу учурунда көтөрүлгөн бардык маселелер каралат. Кыргызстандын жылытуу мезгилиндеги көмүргө болгон муктаждыгы 2 миллион 756 миң тоннаны түзөт. Борбор калаадагы ЖЭБдин кара отунга болгон муктаждыгы 1 миллион 200 миң тонна көмүрдү түзөт. Учурда борбор калаанын ЖЭБине Кара-Кече кенинен көмүр ташуу бекитилген график боюнча жүрүп жатат, ал жылытуу мезгилинин аягына чейин уланат.