Акылбек Жапаров Кыргызстан менен Орусияга доллардан баш тартууну сунуштады

Экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн ортосундагы эсептешүүлөрдө доллардан баш тартууну жактап сүйлөдү. Бул тууралуу ал бүгүн кыргыз-орус бизнес форумунда билдирди.

Анын айтымында, бардык эл аралык жолугушууларда, адатта, залда котормочулары бар кабиналар болот. Бирок бүгүнкү бизнес-форумда андай эмес, анткени тараптар бири-бирин жакшы түшүнүшөт. «Орусия менен Кыргызстанга котормочулар, наушниктердин кереги жок. Анда эмне үчүн соодада доллар деген котормочу пайда болот? Биз Орусиядан көптөн бери суранып келебиз», — деди ал.