Акылбек Жапаров: «Кызыл-Омпол кенинде 300 миллиард долларга чейин жеткен кен байлык бар»

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кызыл-Омпол кенинде баасы 300 миллиард долларга чейин жеткен кен байлык бар экенин билдирди. Бул тууралуу ЭлТР телеканалы жарыялаган видеодо айтылат.

Акылбек Жапаров мамлекет кен байлыктарды экологияга зыяны тийбегендей жол менен иштетип, пайда көрүшү керек экенин кошумчалаган.

“Уран-уран” деп кыйкырып атышты эле, Кызыл-Омпол деген кенибизде уран аз эле экен. Ал жерде 20 миллион тонна титан, цирконий, бүт аз кездешкен металлдар бар экен. Илимий ишмерлер техникалык-экономикалык негиздемесин жасап берип жатышат. Алар биздин 300 миллиард долларга чейин байлыгыбыз Кызыл-Омполдун эле тегерегинде экенин айтып жатышат”, — деди ал.