Акылбек Жапаров: «Мамкызматкерлер премия алгысы келсе, ККМ чек чогултсун»

Мамлекеттик кызматкерлер премия алгысы келсе, ККМ чек чогултсун. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

«Мен айтсам, туура эмес түшүнүп алышыптыр, 15 миң сомго чек чогултуш керек деп. Акимдер өзүңөр ККМден 15 миң сомдон чогулткула. Өзүлөрүңөрдүн кызматкерлериңердин айлыгына карап, 3 миң, 2 миң, 5 миң деп коюп койгула. 13-айлык бул — премия. Премия алыш үчүн бирден бир талап ошол. Мен дарыгер, мугалимдерди айткан жерим жок. Бирок алардан да 2-3 миң сомдун чегин сурап коюш керек. Биз 120 миллиард сом айлык берип жатабыз, анан бир нерсе талап кылып койсок болбойбу?»,— деди ал.