Акылбек Жапаров: «Мектептерде дене тарбия мугалиминин орду үчүн күрөш жүрүп жатат»

Бүгүн, 19-октябрда парламенттин жыйынында депутат Дастан Бекешев мугалимдердин айлыгы көтөрүлүп, бирок үстөк акылары алып салынганын билдирди.

Ал эми Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мугалимдердин негизги айлыгы 21 миң 400 сом деп жооп берди. Бул айлыкты окуу жайына иштөө үчүн келген ар бир жаш адис алат. «Биз категориялык бөлүгүн калтырдык. Мугалимдер аттестациядан өтүп, айлыктарын жогорулата алышат. 1,5-2 ставка менен иштегендердин эмгек акысын кыскартуу каралган. Азыр бир коюм бар. Мектепте физруктун орду үчүн күрөш жүрүп жатат. “Дордойдо” иштегендердин көбү азыр сабак бергиси келип жатат. 1,5-2 ставка менен иштегендер айлыктын азайышын сезишти. Мындан тышкары физика, математика, биология, химия сыяктуу техникалык сабактарды берген мугалимдердин айлык акысы 30 пайызга көтөрүлдү», — деди Акылбек Жапаров.