Акылбек Жапаров Орловка, Кант жана Токмоктогу от казандардын иши менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусундагы бир катар жылуулук менен камсыздоочу ишканалардын абалы менен таанышты.

Ал Энергетика министрлигине караштуу «Кыргыз жылуулук энерго» мамлекеттик ишканасынын Орловка шаарындагы от казанынын иши менен таанышты. Ошондой эле Кант жана Токмок шаарларында жаңыдан курулган заманбап от казандар менен да таанышты. Иш сапардын жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга калкты  электр жана жылуулук менен сапаттуу камсыздоо, жылуулук берүүчү ишканалардын үзгүлтүксүз ишин камсыздоо, электр менен камсыздоо тутумундагы авариялык өчүрүүлөр жана бузулууларга ыкчам чара көрүү боюнча бир катар тапшырмалар берилди.