Акылбек Жапаров ОшМУнун өлкөдөгү бай университет экенин айтты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында, ОшМУнун 85 жылдык мааракесине карата эл аралык  форумга катышты.

Ал президент тарабынан билим берүүнү модернизациялоо үчүн өнүгүү потенциалы бар алдыңкы 6 жогорку окуу жайга, анын ичинде Ош мамлекеттик университетине өзгөчө статус берилгенин белгиледи. «ОшМУнун бюджети 21-кылымдын башында 87,5 миллион сомду түзсө, бүгүнкү күндө 4 миллиард сомдон ашты. Кыргызстандагы бай университеттерден болду. Мамлекетке төккөн салыктардын көлөмү да жылына 130 миллион сомдон ашты. ОшМУ мындай ийгиликтерге иштеген, окуган ар бир адамдын бир тамчыдан турган күжүрмөн эмгегинен жетише алды», — деди ал.

МинКаб башчысы ОшМУнун 85 жылдык мааракесине карата окуу жайда «Келечек муундун ХАБы» («Next Generation HUB») борборунун ачылышына катышты. Jiangsu Huibo Robotics компаниясы менен биргеликте ачылып жаткан борбор Азия аймагында жана Шанхай Кызматташтык Уюмуна кирген мамлекеттердеги эң биринчи лабораториялык борбор болуп саналат. Акылбек Жапаров 500 чарчы метр аянтчага компания тарабынан 5 миллион долларга алынган робототехникалар жана жабдууларды көрүп чыгып, окуу жайдын ишине мындан аркы ийгиликтерди каалады.