Акылбек Жапаров: «Президент баш болуп, мен төш болуп эртең мененки 8ден кечки 10го чейин иштебиз»

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек мэриясынын коллегиясында шаардын экономикалык тармагын жакшыртуу зарылдыгын белгиледи. Бул үчүн талыкпай эмгектенүү керектигин да айтты.

«Эртең мененки 8де келебиз кечки 9-10го чейин иштейбиз. Президент баш болуп, мен төш болуп. Сиздер талбай иштешиңер керек. Шаарда күнү-түнү көйгөйлөр болот. Экономикалык бөлүктү жакшыртуу керек», — деди ал.