Акылбек Жапаров селден жабыркагандарга кенемте төлөнөрүн айтты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында селден жабыркаган айылдарды көрүп чыкты.

Ал Садыр-Аке айыл аймагынын Темир айылында болду. Жабыркаган аймактардан кабар алган Акылбек Жапаров келтирилген зыяндын көлөмү менен таанышып, жабыркаган чарбаларды кыдырып, учурдагы абалга жеринде баа берди. Ал жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ошондой эле Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жана айыл тургундары менен өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча зарыл чараларды сүйлөштү.

Акылбек Жапаров келтирилген зыянды комплекстүү баалоо жана келечекте ушундай жагдайларды болтурбоо боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгуу, анын ичинде канал жээктерин бекемдөө, ошондой эле жаратылыш кырсыктары болушу мүмкүн болгон аймактарда алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.

Ал ошондой эле селден жабыркаган үйлөрдү калыбына келтирүү үчүн мамлекет тарабынан компенсация төлөнүп берилерин билдирди. Төрага өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу белгиленген тартипте жүргүзүлөрүн, ал эми компенсациялык төлөмдөрдүн өлчөмү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрүнөн, ошондой эле жергиликтүү калктын катышуусу менен түзүлгөн комиссиянын чечимине жараша болорун белгиледи.

Мындан тышкары, ал зарыл болгон учурда бул айылдын балдары үчүн онлайн форматында билим берүү уюштурулуп, жергиликтүү тургундар үчүн жер салыгын жылдыруу каралганын кошумчалады.

МинКаб төрагасы кыймылсыз мүлктү камсыздандыруунун маанилүүлүгүн да белгиледи. Анын айтымында, камсыздандыруунун суммасы 600 сомдон ашпайт жана табигый кырсыктар камсыздандыруу окуяларынын тизмесине кирет. Ал жарандарды бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, мүлкүн мүмкүн болуучу кырсыктардан коргоого чакырды.

Окуя болгон жерлер менен таанышып чыккандан кийин Акылбек Жапаров өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам штабдын жыйынын өткөрүп, анда мүмкүн болуучу кырсыктар боюнча эскертүү системаларын жакшыртууну, ошондой эле кырсыктан жапа чеккендерге жардам көрсөтүүнү даярдоону тиешелүү органдарга тапшырды. Ал терс кесепеттерди азайтуу жана жергиликтүү тургундарга жардам көрсөтүүгө даярдыгын жогорулатуу үчүн ыкчам чара көрүү жана бардык кызматтардын кызматташуусунун маанилүүлүгүн белгиледи.