Акылбек Жапаров Siri менен «Алиса» эмнеге кыргыз же казакча сүйлөбөйт деп кооптонуп жатканын айтты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Атакент” Казакстан бизнес-кызматташтык борбору” акционердик коомунун аянтында өткөрүлгөн “Digital Almaty 2023: жаңы реалдуулукта санариптик өнөктөштүк” санариптик форумунун пленардык жыйынына катышты.

Акылбек Жапаров форумдун катышуучуларынын көңүлүн санариптик трансформация жашообуздун бардык чөйрөсүнө таасир эткен көрүнүш экендигине бурду. Министрлер Кабинетинин башчысы саламаттыкты сактоо тармагында жасалма интеллект алгоритмдери ооруларды эрте диагностикалоого, дарылоону пландаштырууга жана дарыларды түзүүгө жардам берерин белгиледи.

“Дагы бир мисал келтирейин. Chat GPT аркылуу, бизнес мектебинин экзамендерин ийгиликтүү тапшырып, онлайн режиминде маектешип, жумушка орношууда. 10 жыл мурун фантазия болгон нерсе бүгүн чындыкка айланды. Мунун баары жаңы перспективаларды ачат. Ошол эле учурда технологиялык өнүгүү темпи бул өзгөрүүлөргө тиешелүү мамлекеттик саясат менен жооп берүү мүмкүнчүлүгүбүздөн ашып баратат. Элис же Сиринин үн жардамчылары кыргыз же казакча сүйлөбөйт деп кооптонуп жатам. Санариптик дүйнөгө кирбеген тилдер жазууга кирбеген тилдердин тагдырына туш болорун баарыбыз түшүнөбүз”, — деди ал.