Бүгүн, 9-майда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Аспек Жумашевден кабар алды.
Ал ардагерди Жеңиш күнү менен куттуктап, анын көрсөткөн эрдигине, кайраттуулугуна жана баатырлыгына ыраазычылык билдирди. Президент Садыр Жапаровдун атынан ардагерге президенттин фондунан бөлүнгөн 100 миң сом акчалай сыйлык тапшырды. Акылбек Жапаров ардагер Аспек Жумашевге чың ден соолук жана бакубатчылык каалады.