Акылбек Жапаров урологдордун форумуна катышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстандын урологдорунун IV эл аралык форумуна катышты.

“Медицина тынымсыз өнүгүп жатат, урология дагы четте калбайт. Жаңы технологиялар жана диагностикалык ыкмалар ар кандай оорулар менен ооруган бейтаптарга натыйжалуу жардам көрсөтүүгө мүмкүндүк берет. Азыркы форум бул үчүн эң сонун аянтча болуп саналат. Ар бириңиздер өзүңүздүн билимиңиз, идеяңыз жана тажрыйбаңыз менен бөлүшөөрүңүзгө ишенем”, — деди Акылбек Жапаров.

Ал белгилегендей, 2010-жылы саламаттыкты сактоо системасынын консолидацияланган бюджети 5 миллиард сом болсо, 2022-жылы 34 миллиард сомго, ал эми 2023-жылы 37,2 миллиард сомду түздү.

Сөзүнүн аягында Министрлер кабинетинин төрагасы чогулгандарды кесиптик майрамы – Медицина кызматкерлеринин күнү менен куттуктап, урология тармагына кошкон салымы үчүн өлкөдөгү бир катар медицина кызматкерлерине ыраазычылык билдирди.