Акылбек Жапаровдун уулу Асылбек Жээнбековдун кызына үйлөнөбү?

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун уулу бүгүн, 9-декабрда эркиндикке чыккан депутат Асылбек Жээнбековдун кызына үйлөнөт, той 20-декабрга белгиленген. Бул тууралуу «Кактус» жазып чыкты.

Редакция бул тууралуу депутаттардан да сурап көрүшкөн. Алардын бири эки жаш мындан эки жыл мурун — Сооронбай Жээнбеков президент болуп турган мезгилде эле баш кошушмак болгонун, бирок Жээнбековдордун үй-бүлөсү Жапаровдорду теңине албай, макул болбой койгонун айткан. Ал эми дагы бир депутат эки жаш буга чейин эле сүйлөшүп жүрүшкөнүн айтып, Жээнбеков камактан чыкканда той болору күтүлүп жатканын айткан. Маалыматка караганда, жигиттин аты Максат, кыздын аты Бегимай.

Ал эми Акипресс маалымат агенттиги «День 9 Декабря: Двух депутатов отпустили на свадьбу?» деген макала жарыялады. Анда депутат Аманкул Токтомамбетовго шилтеме берип, «Асылбек Жээнбековду жакында куда болот деп бошотуп жатышканын жазып, кайсы жогорку кызматтагы адам үлпөт тойду кудасыз өткөрүүнү кааламак эле?» деп суроо салды.