Акылбек Жапаровдун Япониядагы 2 күндүк иш сапары 2 мүнөт ичинде (видео)

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган кыргыз делегациясы 30-ноябрдан тартып Японияда иш сапары менен болду.

Жумуш сапары кечээ, 2-декабрда аяктап, бир катар сүйлөшүүлөр болду. Кыргызстанга 12 миллион доллар, анын ичинде 4 миллиону грант, калганы узак мөөнөттү насыя чечилди. Мамлекеттик бийлик өкүлдөрү, бир катар ири компаниялардын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөр жүрдү. Жакында аталган компаниялар энергетика тармагына инвестиция салуу ниети менен Кыргызстанга декабрь айынын ичинде келе турган болду.