Президенти Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Кылычев Акылбек Мукаевич Кыргыз Республикасынын Иран Ислам Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси жана Тегеран шаарындагы Экономикалык кызматташтык уюмундагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү болуп дайындалды.
Акылбек Кылычев 1966-жылы 25-декабрда Нарын шаарында туулган. 1989-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин бүтүргөн. 1998-жылы Египет Араб Республикасынын Тышкы иштер министирлигинин Дипломатиялык академиясынын курсунда окуган. 1998-2014-жылдары Кыргыз Республикасынын Иран Ислам Республикасындагы элчилигинде 1-катчы, кенешчи жана элчинин милдетин аткаруучу кызматтарын аркалаган.
Ал 2023-жылдан тартып Тышкы иштер министрлигине караштуу Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиянын ректору кызматын аркалап келген.