Акылбек Мазарипов Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.
Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин башкы башкармалыгынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башчысы болуп эмгектенген.
Мазарипов Акылбек Абдувалиевич 1968-жылы Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылында туулган. Жогорку билимдүү.