Акын, сатирик Жолочу Рысбаев көз жумду

Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын эл акыны, сатирик Жолочу Рысбаев көз жумду. Маалыматты Маданият министрлигинен тастыкташты.

Жолочу Рысбаев Түп районуна караштуу Жылуу-Булак айылында 1949-жылы 25-июнда туулган.

1966-жылы Сан-Таш орто мектебин аяктаган. 1967-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин сырттан окуу бөлүмүндө окуу менен В.И.Ленин атындагы машина куруу заводунда жумушчу болуп иштеген.

1988-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.