Акыреги сынган ымыркайдын атасы: «Биринчи төрөтү болчу. Жубайымдын да, баламдын да абалы оор»

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Ысык-Көлдө төрөт учурунда ымыркайдын акыреги сынып, мээсине кан тамып, уюп калган окуя боюнча келиндин жолдошу Аман Кыдыралиев менен байланышканыбызда, учурда ымыркайдын да, жубайынын да абалы оор экенин айтып, нааразычылыгын билдирди.

«Биз Жети-Өгүз районунун Светлая Поляна айылынан болобуз. Жубайым 25 жашта. Биринчи төрөтү. Уул төрөдү. Келинчегимди ошол күнү күзөттөгү дарыгер карабай, дарыгерлерди өз убагында чакырбай койгон. Келинчегиме кесарево деп, бирок өзүн төрөтүп, тилип салышкан. 12 жолу тигиш болду. Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын төрөт бөлүмүндө орун алган окуя тууралуу оорукананын директорунун төрөт боюнча орун басары Рыскан Алдашева сонун кылып сүйлөп бериптир. Анын баары калп. Мен көз жарганда жубайым менен сүйлөшүп жаттым. Ал «ымыркайды төшүмө 10 мүнөт эле жаткырып, бири-бирин түрткүлөшүп алып кетишти» деди. А бул эже 40 мүнөт деп жатат. Акыреги сынганы го мейли, ал бат эле бүтөт, бирок мээсине кан уюп, тамып кеткени эмне болот билбейм», — деди ал.

Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын төрөт бөлүмүндө орун алган окуя тууралуу оорукананын директорунун төрөт боюнча орун басары Рыскан Алдашева билдирүү тараткан. «Келин 10-августта түшкөн. 14-августта пландуу операция деп чечишкен. Кош бойлуу келиндин толгоосу ал күнгө жетпей, 13-августта башталып калып, күзөттөгү медайымга кайрылган. Ошол түнү 8 төрөт болгон. Оор операция да болот. Баланын башы ылдый болгондуктан өзү төрөйт деген жыйынтыкка келип, өзүн төрөтөт. Төрөт кичине оор болгондуктан, баланын салмагы чоң болуп, акырек сөөгү сынып кеткен. 40 мүнөттөн кийин дарыгер ымыркайды балдар бөлүмүнө алып кеткен. Ошондон бери ошол жерде көзөмөлдө. Азыр болгон дарысын алып жатат. Бизди учурда текшеришүүдө, дарыгерлер колунан келгенин кылышыптыр. Ката болсо дарыгерлер жооп берүүгө милдеттүү», — деген ал.

Буга чейин Ысык-Көлдөгү төрөт үйүндө акыреги сынган ымыркайдын атасы кайрылуу жасаган. Баласынын акыреги сынып, мээсине кан уюп калган айткан ымыркайдын атасы Аман Кыдыралиев дарыгерлерди шалаакылыкка айыптап, президент Садыр Жапаровго кайрылган. Саламаттыкты сактоо министрлиги Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын төрөт бөлүмүндө болгон окуя боюнча кызматтык иликтөө башталганын билдирген.