Дүйнө жүзүндө акыркы бир аптанын ичинде коронавирус инфекциясынын жайылышынын рекорддук көрсөткүчү катталды. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 19-октябрдан 25-октябрга чейин дүйнөдө 2 миллион 884 миң 604 адам вирус жуктурса, 39 миң 712 адам коронавирустан каза болгон. Бул көрсөткүч өткөн жумага салыштырмалуу оору жуктурган учур — 16 пайызга, өлүмдүн көрсөткүчү — 8 пайызга жогорулаган.
Камчыбек Ташиев шайлоо боюнча: «Добуш сатып албагыла»
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев шайлоочуларга кайрылды. "17-ноябрда жергиликтүү кеңешке шайлоо болот. Партияларды, талапкерлерди текшердик. Мамлекет тарабынан шарттар түзүлдү. Бийлик бир...