Акыркы коңгуроо: Жалал-Абадда 1 миңге чукул милиция кызматкери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатат

Жалал-Абаддагы акыркы коӊгуроодо милиция коомдук тартипти көзөмөлдөөдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Бүгүн, 25-майда акыркы коӊгуроо майрамы Жалал-Абад облусундагы мектептерде белгиленүүдө. Милиция кызматкерлери жеринде коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлгө алууда.

Бүтүрүүчүлөргө акыркы коңгуроо майрамын билим берүү мекемелеринен сырткары жакта уюштурууга тыюу салынган. Майрамдык оюн-зоокторду жаратылыш койнунда уюштурууга, автоунаалардын коштоосунда жүрүүгө, түнкү клубдарда эс алууга болбойт. Кандайдыр бир тартип бузуулар орун ала турган болсо, мыйзам чегинде чаралар көрүлөт. Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы тарабынан мектеп бүтүрүүчүлөрүнө эскертүү видеоролиги да даярдалды.

Белгилей кетсек, 25-майга карата Жалал-Абад облусунун аймагында миңге чукул милиция кызматкери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатат.