Акыркы коңгуроодо мугалимдерин сындаган окуучу кысым алдында «пранк» деп айтканбы? Расмий жооп

Кечээ, 16-июнда социалдык тармактарга Акыркы коңгуроодо мугалимдерин сындаган бүтүрүүчүнүн видеосу жарыяланган болчу. Ал видеодо мектепте окуш керек болгону үчүн жүргөнүн айтып, айрым мугалимдерден спирт жыттанарын айткан. Бул видео коомчулукта талкуу жаратты.

Видео Сузак районундагы Благовещенка айылынын Гайдар атындагы мектепте тартылган. Бүгүн, 17-июнда окуучу видеокайрылуу жасап, анын сөзү пранк экенин билдирди. Бирок соцтармактын колдонуучулары окуучуга коркутуу болгонун боолголошту. Бул боюнча СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Сузак райондук билим берүү башчысы Тынычбек Үсөновго байланышып, директор тарабынан окуучуга эч кандай кысым болбогонун билдирди.

«Мен бул боюнча директор менен сүйлөштүм. Ал ошондон бери бул окуучуну көрбөптүр. Мектеп тарабынан эч кандай коркутуу болгон эмес», — деди ал.