Кино жана театр актёру Руслан Курманалиев 53 жашында көз жумду. Маркумдун кесиптештери аны эскеришти. «Өлбөй турган жигит эле, ажал алып кете берди. Анын токко урунуп каза болгонун укканда ишене алган жокпуз» дейт чогуу иштешкендер.
«Бир-эки тааныш, туугандарынан угуп калдым. «Акыркы күндөрү келинчеги менен үйгө келип, учурашып, чай ичип кетип жүрдү» деп айтты. Кесиптештер дагы сүрөткө түшкөндө жаркылдап келип, башкача болуп калган дешти. Баарыбызды кучактады дешти. Сонун адам кетип калды»,- деди Турусбек Жумалиев.