Акыркы сутка ичинде COVID-19 илдетинен 8 адам каза тапты. Статистика

Акыркы сутка ичинде өлкөдө 298 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдашты.

Бишкекте — 144, Ошто — 23, Чүйдө — 86, Ош облусунда — 7, Таласта — 2, Нарында — 13, Ысык-Көлдө — 18, Жалал-Абадда 5 киши оору жуктуруп алды деп каттоого алынды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавирус аныкталгандардын жалпы саны 103 миң кишиге жетти.

Соңку суткада оорудан 8 киши каза болду. Каза болгондордун баары Бишкек шаарында катталды. Коронавирустан каза тапкандардын жалпы саны 1 миң 765 адамды түздү.