Акыркы сутка ичинде коронавирус илдети 265 адамдан, анын жарымынан көбү Бишкекте аныкталды

Акыркы сутка ичинде коронавирус илдети 265 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдашты.

Аймактарга алып карасак, Бишкекте 148, Чүй облусунда 80, Ош шаарында 3, Ош облусунда 4, Таласта 4, Нарында 6, Ысык-Көлдө 12, Жалал-Абадда 6, Баткенде 2 киши ооруну жуктуруп алганы аныкталды. Коронавирус катталгандан бери өлкөдөгү жалпы көрсөткүч 91 миң 639 адамга жетти.

Ал эми акыркы сутка ичинде 2 киши каза болду. Экөө тең Бишкекте катталды. Ошентип оорудан жакшы боло албай көз жумгандардын жалпы саны 1 миң 546 кишиге жетти.

Өлкө боюнча бүгүнкү күндө 2 миң 353 бейтап коронавирустан дарыланып жатат. Анын ичинде үй шартында 1 миң 223, ооруканаларда 1 миң 130, алардын ичинен 38и өтө оор абалда, 237си оор абалда жатат. Акыркы сутка ичинде илдеттен айыккандардын саны 152 адамды түздү.

Оору жуктуруп алган ак халатчандардын статистикасына келсек, соңку суткада 9 медициналык кызматкерден коронавирус илдети аныкталды. Оору катталгандан бери 4 миң 350 дарыгер илдетке чалдыкса, анын 4 миң 264ү айыккан.