Акыркы сутка ичинде коронавирус илдетин жуктургандар да, каза болгондор да катталган жок

Кыргызстанда акыркы сутка ичинде коронавирус илдетин жуктургандар аныкталган жок. Ошондой эле соңку суткада каза болгондор да катталган жок. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 200 миң 968 адамга жетти. Ал эми аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 991 адамды түздү.