Акыркы суткада 1 318 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү

Акыркы суткада Кыргызстанда 1 318 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Бул туурасында Республикалык штабдан билдиришти.

Алардын ичинен:

Жалпысынан 29-марттан бери Кыргызстанда 16 миң 73 адам эмдөөдөн өттү. Анын ичинен 382 адам вакцинанын экинчи дозасын алышты.

Кечээ, 23-апрелде саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кытайдын «Синофарм» вакцинасы баардык каалоочуларга сайылып жатканын билдирген. Бул үчүн жарандар жашаган жериндеги  бейтапканага кайрылышы керек. Эмдөө акысыз жүргүзүлөт.