Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 100 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 40, Чүйдө — 26, Таласта — 3, Ысык-Көлдө — 19, Нарында — 2, Жалал-Абадда — 3, Баткенде — 4 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 176 миң 682 адамга жетти.
Соңку суткада 3 киши оорудан каза болду. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 557 адамды түздү.