Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 103 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 47, Чүйдө — 24, Ысык-Көлдө — 10, Ошто — 4, Жалал-Абадда — 10, Таласта — 4, Нарын — 1, Баткенде 3 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 180 миң 109 адамга жетти.
Соңку суткада 3 киши оорудан каза болду. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 641 адамды түздү.