Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 109 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 36, Ошто — 1, Чүйдө — 31, Таласта — 2, Ысык-Көлдө — 29, Нарында — 4, Жалал-Абадда — 5, Баткенде — 1 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 176 миң 582 адамга жетти.
Соңку суткада 4 киши оорудан каза болду. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 554 адамды түздү.