Акыркы суткада 11 адамдан коронавирус аныкталып, 1 адам каза болду. Статистика

Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 11 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 6, Чүйдө — 4, Ысык-Көлдө — 1 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 200 миң 731 адамга жетти.

Соңку суткада 1 адам каза болду. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 973 адамды түздү.